super.kg logo

Грузияда Саакашвилиге байланыштуу кезектеги сот отуруму өттү

 

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили сот отурумунда ага сериялық киши өлтүргүчтөргө салыштырмалуу оор жаза даярдалып жатканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, шейшемби күнү Тбилиси шаардык сотунда саботаж жана мамлекеттик төңкөрүшкө чакырык жасоо иши боюнча отурум өттү. Бул иште Саакашвили менен бирге оппозициялык партиялардын башка лидерлери да айыпталууда.

Саакашвили Грузияда жалпысынан беш кылмыш иши боюнча айыпталган. Алардын арасында грузин депутаты Валерий Гелашвилинин сабалышы, банк кызматкери Сандро Гиргвлианинин өлүмүнө байланыштуу соттолгондорду кечирүү, мамлекеттик каражаттарды ысырап кылуу, 2007-жылы акцияны күч менен таратуу жана мыйзамсыз чек арадан өтүү фактылары бар.

Төрт иш боюнча чыккан сот өкүмдөрүнө ылайык, Саакашвили 2034-жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошондой эле учурда Тбилиси шаардык соту 2007-жылдын 7-ноябрындагы нааразычылык акциясын күч менен таратууга анын тиешеси бар-жогун карап жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: