super.kg logo

АКШ Гренландиянын коопсуздугуна салган инвестициясынан пайда көрүүнү көздөөдө

 

АКШ Гренландиянын коопсуздугун камсыздоого багытталган инвестициялардан конкреттүү пайда алууну пландап жатканын өлкөнүн вице-президенти Жей Ди Вэнс билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Вэнстин айтымында, эгерде АКШ Арктика аймагындагы коопсуздукка инвестиция салып, бул кеңири аймакты коргоо боюнча чыгымдарды өз моюнуна алса, анда андан белгилүү бир деңгээлде пайда алуу акылга сыярлык кадам болмок. Бул тууралуу Вэнс журналисттер менен болгон маегинде Армениянын Ереван шаарынан расмий сапар менен кайтып жатып айтты.

Вице-президент белгилегендей, Гренландия боюнча сүйлөшүүлөр азырынча алгачкы баскычта турат. Ошол эле учурда ал арал АКШнын улуттук коопсуздугу үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин баса белгиледи. Вэнс ошондой эле Вашингтондун айрым союздаштары Арктикадагы коопсуздукка жетиштүү деңгээлде каражат бөлбөй жатканын кошумчалады.

Анын сөзүнө караганда, эгерде АКШ “чоң акча төлөп”, бул аймакты коргоо жоопкерчилигин негизинен өзү аткара турган болсо, анда инвестициядан пайда көрүү маселеси жакынкы айларда союздаштар менен өтө турган сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири болот.

Эске салсак, АКШнын президенти Дональд Трамп 4-январда Венесуэлага байланыштуу операциядан кийин, Гренландия АКШ үчүн зарыл экенин билдирген. Анын айтымында, Данияга караштуу бул автономдуу аймакты Кытай менен Орусиянын кемелери курчап турат. Трамп эгер АКШ Гренландияны көзөмөлгө албаса, ал Орусия же Кытайга өтүп кетиши мүмкүн деген пикирди айткан. Кийинчерээк ал Дания бул багытта жетиштүү чара көрбөгөнүн айтып, Гренландияга карата “орусиялык коркунучту” жоюу ниети бар экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: