Кыргызстанда президенттин алдындагы мамлекеттик коргоо кызматы түзүлдү
Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коргоо системасын өнүктүрүү чаралары жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Документке ылайык, президенттин алдындагы Мамлекеттик коргоо кызматы түзүлөт. Бул кызмат Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматын негиз кылып уюштурулат.
Мамлекеттик коргоо кызматы түздөн-түз президентке баш ийип, эсеп берет, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасына кирет. Кызмат өз компетенциясына ылайык корголуучу адамдардын жана объектилердин коопсуздугун камсыздоо иштерин жүргүзөт.
Кызматтын төрагасы президент тарабынан дайындалып, бошотулат. Алдыңкы орун басарлары төраганын сунушу менен президент тарабынан дайындалат же бошотулат.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
nyrbekali87
10.02.2026. 20:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир нанды бөлүшсө болот, бирок бир бийликти бөлүшүү мүмкүн эмес. Ээрге бир гана киши батат, эки дос эмес.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















