super.kg logo

WhatsApp веб-нускасында үн жана видеочалуу мүмкүнчүлүгүн ишке киргизүүдө

 

WhatsApp мессенжеринин колдонуучулары жакынкы убакта компьютердеги браузер аркылуу веб-нускадан туруп эле үн жана видеочалуу жасай алышат. Бул тууралуу 9To5Mac порталы жазды.

Маалыматка ылайык, WhatsApp Web платформасында үн жана видеочалууларды колдоо функциясы учурда тестирлөөдөн өтүп жатат. Азырынча бул мүмкүнчүлүк бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү эмес жана бета-нускада гана иштеп жатат.

Алгачкы этапта колдонуучулар браузер аркылуу жеке чаттарда гана чалуу жасай алышат. Бул үчүн компьютерге өзүнчө тиркеме орнотуунун кереги жок — жөн гана чатка кирип, чалуу баскычын басуу жетиштүү болот.

Басылманын маалыматына караганда, бул функция дээрлик бир жылдан бери иштелип чыгып, WhatsApp аны компьютердик тиркемелердеги мүмкүнчүлүктөргө шайкеш келтирүү үчүн жакшырткан. Учурда негизги басым жеке чаттарга жасалууда.

Ал эми браузер аркылуу топтук үн жана видеочалууларды ишке киргизүү функциясы азырынча иштелип чыгуу стадиясында экени белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: