Түркия Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуу демилгесин колдойт
Түркия Республикасы Кыргыз Республикасынын 2027–2028-жылдар аралыгында БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдой турганын билдирди.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун Түркияга жасаган расмий сапарынын алкагында белгилүү болду. Ал Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен биргеликте жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн басма сөз жыйынын өткөрдү.
Жолугушууда тараптар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттардагы кызматташтыкты кеңейтүү, парламенттер аралык алакаларды чыңдоо маселелерин талкуулашты. Айрыкча эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү максатына көңүл бурулду.
Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан боордош Түркия менен кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгилеп, мамлекет башчылары Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын тыгыз байланышы эки өлкөнүн өнөктөштүгүнө жаңы дем бергенин айтты.
Өз кезегинде Нуман Куртулмуш Түркия Кыргызстанды негизги өнөктөш өлкө катары көрөрүн белгилеп, БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги талапкерлигине расмий колдоо көрсөтөрүн билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















