Бишкекте Карл Густав Эмиль Маннергеймдин сүрөттөр көргөзмөсү салтанаттуу ачылды
Бүгүн, 10-февралда Улуттук тарых музейинде көрүнүктүү аскердик ишмер, изилдөөчү жана саякатчы Карл Густав Эмиль Маннергеймге арналган фотосүрөттөр көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана анын орун басарлары катышты.
Көргөзмө XX кылымдын башына таандык сейрек тарыхый фотодокументтерди камтып, Кыргызстандын жана жалпы Борбор Азиянын тарыхый-маданий мурасын эл аралык контекстте чагылдырууну максат кылат. Маннергеймдин экспедициясы көчмөн элдердин турмушу, салт-санаасы жана коомдук түзүлүшү тууралуу баалуу этнографиялык маалыматтарды калтырган.
Экспедициянын өзгөчө маанилүү учурларынын бири – Алай өрөөнүндө Курманжан датка менен болгон жолугушуу. Маннергейм бул окуяны өз эмгектеринде өзгөчө урматтоо менен белгилеп өткөн. Анын Борбор Азияга жасаган сапарынын жыйынтыктары "Across Asia from West to East (1906–1908)" аттуу фундаменталдуу эмгегинде кеңири баяндалган.
Министр Мирбек Мамбеталиев көргөзмөнү маданий дипломатияны өнүктүрүүгө жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү демилге катары баалады. Анын айтымында, бул долбоор элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө жана тарыхый мурастын сакталышына салым кошот.
Көргөзмө Улуттук тарых музейинде өтүп, бардык каалоочулар үчүн ачык.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















