Алишер Эрбаев УКМКнын Антитеррордук борборунун директору болуп дайындалды
Алишер Эрбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын Антитеррордук борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-февралда президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде кабыл алынган.
Жаңы дайындоого ылайык, Алишер Эрбаев терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, коопсуздук коркунучтарынын алдын алуу жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү багытындагы иштерди координациялайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
10:01
2026-02-13
9:37
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















