super.kg logo

ИИМ: Атайын багыттагы полк президентке түз баш ийдирилди деген маалымат чындыкка дал келбейт

 

Ички иштер министрлиги айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда тараган ИИМдин Атайын багыттагы полку президентке түз баш ийдирилди деген маалыматты расмий түрдө четке какты.

ИИМдин маалыматына ылайык, бул тууралуу тийиштүү жарлыкка кол коюлду деген билдирүүлөр эч кандай фактыларга негизделген эмес жана ишенимсиз маалымат болуп эсептелет. Министрлик мындай кабарлар коомчулукту адаштырууга алып келерин белгилейт.

Учурда Ички иштер министрлигине караштуу Атайын багыттагы полк штаттык режимде, мыйзамдардын алкагында өз ишмердүүлүгүн улантууда. Полктун башкаруу түзүмүндө жана баш ийүү тартибинде эч кандай өзгөрүүлөр киргизилген эмес.

Ички иштер министрлиги жарандарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн маалыматты расмий булактардан гана алууга, текшерилбеген жана бурмаланган маалыматтарды таратпоого чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: