Кыргызстан ЮНИСЕФтин Аткаруучу кеңешиндеги ишин расмий баштады
Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Аткаруучу кеңешинин мүчөсү катары өз ишин расмий түрдө баштады. Бул тууралуу БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан ЮНИСЕФ менен түзүлгөн узак мөөнөттүү жана бекем өнөктөштүктү жогору баалап, уюмдун балдардын укуктарын коргоого жана жыргалчылыгын камсыздоого багытталган мандатын толук колдой турганын билдирет.
Өлкө жетекчилиги балдардын укуктарын коргоону, алардын коопсуздугун, саламаттыгын жана ар тараптуу өнүгүүсүн улуттук саясаттын эң жогорку артыкчылыктарынын бири катары карайт. Бул багытта билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо жана балдардын коопсуз чөйрөдө өсүп-өнүгүшү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүп келет.
Кыргыз Республикасы балдарды коргоо жаатындагы демилгелерди улуттук гана эмес, аймактык деңгээлде да илгерилетүү үчүн ЮНИСЕФ жана өнөктөш өлкөлөр менен кызматташууну мындан ары да улантууга ниеттенет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















