Социалдык тармактарда Эмомали Рахмондун каза болгону тууралуу маалыматтар тарады
Тажик социалдык тармактарда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон каза болду деген маалыматтар тараган.
Бирок Тажикстандын расмий органдары бул маалыматты тастыктай элек.
Айрым тажик басылмалары өз булактарына таянып, президент акыркы сааттарда оор абалда болуп, дарыгерлердин аракетине карабай өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эместигин жазышты. Булактар өлкөнүн жогорку жетекчилиги кабардар болгонун жана мамлекеттик органдарда чукул жыйындар өтүп жатканын билдиришүүдө. Расмий билдирүү азырынча чыккан жок, бирок маалыматтын бир нече булактардан дал келиши анын чындыкка жакын экенин көрсөтөт.
Социалдык тармактарда көңүл ачуучу программалар токтотулуп, коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү жана аза күтүү иш-чараларына даярдык көрүлүп жатканы тууралуу кабарлар тараган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















