super.kg logo

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-февралда, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүү учурунда тараптар кыргыз-өзбек достук, ынак коңшулаштык жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары кеңейтүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн туруктуу өсүү динамикасын жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн канааттануу менен белгилешти. Атап айтканда, өнөр жай кооперациясы, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жана "Камбар-Ата ГЭС-1" долбоору өзгөчө баса белгиленди.

Ошондой эле лидерлер регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, алдыдагы эки жана көп тараптуу иш-чаралардын графигин карап чыгышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: