"Мен үчүн өтө күтүүсүз болду". Камчыбек Ташиев кайрылуу жасады
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан четтетилгени тууралуу социалдык тармактарда кайрылуу жасады. Анда ал бул тууралуу дарыланып жаткан учурунда уккандыгын айтты.
"Урматтуу эл-журт. Мен ооруп калып, президенттин уруксаты менен Германияга келгем, себеби мурдагы операция болгон жерге көрүнүүгө туура келди. Бирок, кечээ мени жумуштан алышыптыр, мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Кандай болгон күндө да президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, эли-журтубуз, президентибиздин алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанамын.
Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт. УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиремин, ийгиликтерди каалаймын. Ал эми өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуш үчүн эч ким, эч кандай мыйзамсыз иштерге барбашы керек жана ар бир аракетибиз мыйзам чегинде болот",- деп билдирген Ташиев.
Эскерте кетсек, Ташиев УКМКнын төрагасы болуп 2020-жылы 16-октябрда дайындалган.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















