Бир күндө өзгөргөн саясий кырдаал... Жаңы кызматтык дайындоолор
Кечээ, 10-февралда өлкөдө бир катар кызматтык бошотуулар, дайындоолор болду.
Алгач эле күтүүсүз жаңылык УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы болду. Президент Садыр Жапаров атайын кызматтын башчысынын кызматтан алынышына комментарий берип, мындай кадам өлкө кызыкчылыгы үчүн жасалганын билдирди.
"Баарынан мурда бул чечимди мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн, коомдо, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосунда ажырым жаралбашы үчүн кабыл алдым. Тескерисинче, бул кадам биримдикти бекемдөөгө багытталган",- деп айтылды билдирүүдө.
Көп өтпөй өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов президенттин билдирүүсү бурмаланып жатканын айтып, түшүндүрмө жасады. Анын айтымында, президенттин “Коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче, биримдикти чыңдоо максатында кабыл алдым” деген пикири Ташиевге тиешеси жок.

Бул учурда Камчыбек Ташиев Германияда дарыланып жүргөнү белгилүү болду. Ташиевдин жакын адамы делген Өткүрбек Рахманов УКМКнын башчы кызматтан алынганын президенттин жарылыгы чыккандан кийин билгенин кабарлады.
Ал арада Садыр Жапаров УКМКнын башчынын милдетин аткаруучу кылып, Жумгалбек Шабданбековду дайындады жана УКМКнын төрагасынын 3 орун басарын, тагыраагы, Даниэл Рысалиев, Курбанбек Авазов жана Элизар Смановдорду кызматтарынан бошотту.
Буга улай эле президенттин буйругу менен Рустам Мамасадыков коопсуздук кеңешинин катчысы кызмат ордунан бошотулуп, УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Уранбек Шадыбеков УКМКнын төрагасынын орун басары, киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп бекитилсе, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Эрбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын антитеррордук борборунун директору болуп дайындалды.
Мындан тышкары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамынан Чек ара кызматын чыгаруу жөнүндө президенттин жарлыгы чыгып, анын төрагалыгына Абдикарим Алимбаев бекитилди. Өлкө башчынын дагы жарлыгы менен президенттин УКМКнын 9-кызматы атайын кызматтын курамынан чыгарылып, президенттин алдындагы Мамлекеттик коргоо кызматы болуп түзүлдү.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















