Чүйдө жасалма айдоочулук күбөлүк менен жүргөн айдоочу кармалды
Чүй облусунда жасалма айдоочулук күбөлүк менен жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда облустук милициядан билдиришти.Маалым болгондой, облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору кызмат өтөө учурунда KIA Optima үлгүсүндөгү унааны токтотуп, аны 1995-жылы туулган Х.Ш. аттуу жаран айдап бара жаткандыгы аныкталды. Экспертизанын корутундусуна ылайык, анын айдоочулук күбөлүгү жасалма деп табылды.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтердин жасалмалоо жасоо) менен кылмыш иши козголду. Ал эми 1995-жылы туулган Х.Ш. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















