Канадада мектептеги ок атышуудан 10 адам каза болду
Канадада жогорку класстын окуучулары окуган мектепте ок атышуу болуп, он адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, окуя Британ Колумбиясындагы Тумблер Ридж орто мектебинде орун алган. Канаданын Падышалык полициясы атышуудан он адам каза болгонун, окуучуларга ок чыгарган шектүү дагы каза тапканын билдирди. Ошондой эле эки окуучу оор жаракат менен дагы 25тей окуучу медициналык кароодон өтүү үчүн ооруканага жеткирилген. Мектепте жалпы 170 окуучу билим алары маалым болду.
Полиция кызматкерлери окуя болгон жерге жакын жердеги турак үйдөн эки адамдын сөөгүн табышкан. Укук коргоо органдары алардын өлүмү окуяга байланыштуу болушу мүмкүн экенин болжолдошкон.
Учурда окуя боюнча тергөө иштери башталды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















