super.kg logo

Рамзан Кадыров кырсыктады делген уулунун видеосун жарыялады

 

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров уулу Адам Кадыров менен кечки тамак ичип жаткандагы видеосун жарыялады. Орусия басылмалары ал видеону Telegram каналында бөлүшкөнүн жазышты.

Анда видеону тартып жаткан Кадыровдун уулу кирип келип, учурашканда аны "тирилди" деп комментарийлегенин угууга болот.

Буга Кадыров уулунун жол кырсыгына кабылды делген маалыматтар ойдон чыгарылганын айтып, "Жасалма интеллект менен кимди болсо да алдай аласыз",- деп билдирүү калтырган.

Эске салсак, 16-январда Чеченстандын лидеринин уулу жол кырсыгына кабылганы кабарланган. Адам Кадыров Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ан-148-100-EM учагы менен Чеченстандан Москвага жеткирилгени да айтылган.

Чечен бийлиги муну жалган маалымат деп келет.

18 жаштагы Адам Кадыров Чеченстандын коопсуздук кеңешинин катчысы. 2025-жылдын апрель айында ал Чеченстандын Ички иштер министрлигинин куратору болуп дайындалган.






Рамзан Кадыров кырсыктады делген уулунун видеосун жарыялады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: