Орусияда Telegram'га карата чектөөлөр күчөтүлдү
Орусияда Telegram’га карата чектөө чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу Орусия басылмалары билдиришүүдө.
Маалыматка ылайык, 10-февралдан тартып Telegram’дын ишинде үзгүлтүктөр пайда болгон. Downdetector сервисинин маалыматына ылайык, мессенжердин иши боюнча даттануулардын саны 11 миңден ашкан. Ошол эле учурда, 2026-жылдын башынан бери Москва шаарындагы Таган райондук соту Telegram компаниясына каршы жети административдик иш каттаганы маалым болду. Алар тыюу салынган, анын ичинде экстремисттик мүнөздөгү жана порнографиялык материалдарды өчүрүүдөн баш тартууга байланыштуу.
Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуров мессенжердеги каналына бул чектөөлөрдү жарандардын эркиндигин бузуу деп сыпаттады. Анын айтымында, орусиялыктарды мамлекеттик көзөмөлдөгү тиркемелерге өтүүгө мажбурлоо аракети көрүлүүдө.
"Жарандардын эркиндигин чектөөнү эч качан актоого болбойт. Telegram бардык кысымдарга карабастан сөз эркиндигин коргойт",- деп билдирген ал. Ошондой эле ал Иранды мисал келтирди. "Сегиз жыл мурун Иран бийлиги да коопсуздук шылтоосу менен Telegram’ды чектеп, калкты мамлекеттик тиркемеге өткөрүүгө аракет кылган. Бирок ирандыктар бүгүнкү күнгө чейин мессенжерди колдонуп келишет",- деп кошумчалады.
Эске салсак, 2025-жылдын август айынан бери Орусияда WhatsApp жана Telegram аркылуу үн менен чалуу функциялары бөгөттөлгөн. Өлкөдөгү байланыш тармагын көзөмөлдөгөн мекеме бул чараларды алдамчылык жана терроризмге каршы күрөш менен түшүндүрүп келет. Ал эми октябрь айында ведомство алдамчылыкка каршы күрөшүү максатында Telegram жана WhatsApp’ка жарым-жартылай чектөөлөр киргизиле баштаганын билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















