20га жакын депутат жок... Парламентте жазгы талаа иштери боюнча жыйын башталды
Бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны башталды. Каттоодон 61 гана депутат өттү.
Азыркы учурда төрага Нурланбек Тургунбек уулу менен бирге 7 депутат Түркияда жүрөт. Тагыраагы, делегациянын курамында “Мекенчил” депутаттык тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов, “Элдик” депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев, “Адилет Кыргызстан” депутаттык тобунун жетекчиси Нурбек Сыдыгалиев, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Эльдар Сулайманов, “Ата-Журт” депутаттык тобунун мүчөлөрү Алишер Козуев менен Гүлай Машрапова жана депутат Эльвира Сурабалдиева бар.
Жыйында 19 депутат жок. Бирок кворумдун бардыгынан улам жыйын башталды. Анда ар кандай маселелер күн тартибинен алынып ташталды.
Учурда Суу русурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жазгы талаа жумуштарынын башталышы боюнча маалымат берүүдө.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















