super.kg logo
  Саясат  

"Кыргызстан суу сатсынбы?" Депутат коңшу өлкөлөрдө сөзү бурмаланып жатканын айтты

 

Бүгүн, 11-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Умбеталы Кыдыралиев коңшу өлкөлөрдө Кыргызстан суу сатканы жатат деген туура эмес маалыматтар чыкканын айтып, буга өзүнүн сөзү себеп болгонун белгиледи.

Ал 2 күн мурун паламенттин тармактык комитетинде суу маселесин көтөргөнүн эске салып, андан кийин Казакстан жана Өзбекстандан тааныштары чалышканын билдирди.

"1992-2000-жылдары БУУнун жыйындарында суу экономикалык ресурс деп атйылган. Анан мен айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевге "Кыргызстандан чыгып жаткан суулар үчүн биз экономикалык төлөмдөрдү алабызбы?" деп суроо бердим. Төрөбаев "коңшу өлкөлөр эл аралык комиссиянын негизинде бизге ГЭСтерди оңдоодо жардам берет" деп жооп берди.

Анан Өзбекстандан, Казакстандан досторум мага байланышып, "эмне сиз көтөрүп жатасыз? Кыргызстан суу сатсынбы?" дешти. Коңшу өлкөлөрдүн оппозициялык топтору аны башка маанайда берип жатышат",- деди эл өкүлү.






Депутат Кыдыралиев коңшу өлкөлөрдө сөзү бурмаланып жатканын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: