Депутат Кыдыралиев: "Садыр Жапаров кечээ түнү жакшы уктабады да..."
Бүгүн, 11-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Умбеталы Кыдыралиев өлкөдөгү орун алганы саясий кырдаалга токтолуп, парламентти бөлүнбөөгө чакырды.
Ал кечээ түнү президент Садыр Жапаров уктай албаса керек деген божомолун айтты. Эл өкүлү 2006-жылы "Ата-Журт" партиясын Жапаров менен Ташиев түзгөнүн эске салып, алар менен партиялаш болгонун белгиледи.
"Мен эч качан Садыр Жапаровго дагы, Камчыбек Ташиевге дагы калп айткан эмесмин. Түнү менен ойлонуп чыктым, кечээ түнү президентибиз жанагы чечимден кийин жакшы уктабады да, Ташиев да ооруп жатат, кыйналууда. Жапаров элдик президент, Ташиев Кыргыз эл баатыры, экөө биригип, чек араны чечти, экономиканы өстүрдү...
Эми жумушта түшүнбөстүктөр болот. Эки досумду чакырат элем, баары жакшы болот, баарыбыз бир болобуз",- деди Кыдыралиев.
Депутат Кыдыралиев: "Садыр Жапаров кечээ түнү жакшы уктабады да..."
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















