super.kg logo
  Саясат  

Депутат Бишкекте көпүрөнүн курулушу 5 айдан бери бүпөй жатканын билдирди (видео)

 

Бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыпбек уулу Бишкектеги Жибек-Жолу проспекти менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишиндеги курулушу жүрүп жаткан көпүрө боюнча тынчсыздануусун билдирди.

Анын айтымында, аталган курулуштун азабынан эл кыйналып, тыгын маселеси күчөдү.

"Бул (ред.: көпүрө) дээрлик 25-сентябрдан бери жабык. Бүгүнкү күнгө чейин курулуш аяктабай жатат. Элдин каттамы, унаа тыгыны чоң көйгөй жаратып жатат. Жоопкерчиликти алган подрядчы компания кайсы датага бүтүш керек? Аны көзөмөлдөгөн тийиштүү кызмат адамдары эмне иш кылып жатышат?",- деди депутат.

Эл өкүлү өкмөттүн өкүлүнөн тийиштүү маалыматтарды расмий түрдө алып берүү тапшырмасын берди.

Эскерте кетсек, аталган даректеги эски көпүрөнү кеңейтүү максатында реконструкция иштери жүрүп жатат.






Депутат Бишкектеги жарым жылдан бери курулушу жүрүп жаткан көпүрөгө тынчсыздануусун билдирди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: