Кыргызстандын балык продукциясы Түркияда таанытылды
Кыргызстандын балык продукциясы Түркиянын Анталия шаарында таанытылды Бул тууралуу 11-февралда Суу ресурстары жана айыл чарба министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, 4-8-февраль аралыгында аталган шаарда суу биоресурстарын өстүрүү боюнча 11-илимий-практикалык семинар жана аквакультура боюнча 1-эл аралык көргөзмө болуп өттү. Алгачкы жолу семинар жана эл аралык көргөзмө бирге өткөрүлүп, көптөгөн өлкөлөрдөн катышуучуларды инвесторлор жана мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту. Көргөзмөгө Кыргызстандын төмөнкү балык чарба субъекттери катышты:
- "Аква Пром" ЖЧКсы;
- "Эфтар Агро Комплекс" ЖЧКсы;
- "Салих и Ко" ЖЧКсы.
Ошондой эле BioJem заводу өзүнүн тоют продукциясын сунуштаган.
Аквакультура туруктуу азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо, экономикалык өнүгүүнүн маанилүү факторлорунун бири, ошондой эле жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануунун багыты катары каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















