Баткендеги автомектепте коррупциялык схема аныкталды
Баткен облусундагы автомектептерге курсанттарды мыйзамсыз кабыл алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, аталган окуу жай мыйзамсыз киреше табуу максатында каттоону аралыктан жүргүзүп, теориялык жана практикалык сабактар иш жүзүндө өтүлбөстөн, курсту ийгиликтүү аяктаганы тууралуу жасалма документтерди тариздеген. Коррупциялашкан кызмат адамдарынын жардамы менен практикалык жана теориялык экзаменден өтүп, айдоочулук күбөлүк ала турган механизм түзүлгөн.
Учурда коррупциялык схеманын башка катышуучуларын аныктоо, жоопкерчиликке тартуу жана кылмыш жолу менен алынган айдоочулук күбөлүктөрдү жокко чыгаруу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















