Депутат АКШда жол кырсыгына кабылган кыргызстандыкка колдоо керектигин айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков АКШда жол кырсыгына айыпталып жаткан кыргызстандыкка жардам берүү керектигин айтты.
Ал бүгүн, 11-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бул боюнча протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.
"Жакын туугандары кайрылып жатышат. Кандай иштер жүрүп жатканын сурашууда. Бекжан Бейшекеев деген жараныбыз. Эмне иш жүрүп жатат, мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлүп жатабы? Оор абалда калган жараныбызга элчилик аркылуу юридикалык жардам көрсөтүлсүн",- деди эл өкүлү.
Белгилей кетсек, 3-февралда АКШда кыргызстандык жаран айдап бара жаткан оор жүк ташуучу унаа жеңил унаа менен кагылышып, төрт адам каза болгон. Кырсыктан каза тапкандар америкалыктар. Адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына Кыргыз жараны айыпталууда.
Депутат АКШда жол кырсыгына кабылган кыргызстандыкка колдоо керектигин айтты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















