Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев суракта экени айтылды
Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча кайрылуу жасаган 75 адамдын айрымдары суракка алынып жатканы айтылууда. Алардын арасында мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев да бар экенин 24.kg агенттиги жазып чыкты.
Агенттик маалыматты Бекболот Талгарбековдун уулу Арстан Талгарбеков билдиргенин белгилейт. Айта кетсек, Бекболот Талгарбеков да суракта экени айтылган.
Арстан Талгарбековдун айтымында, ал учурда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратында жана башка кол койгондордун алып келинип жатканын өз көзү менен көргөн.
"Мен алардын, мисалы, Жантөрө Сатыбалдиевдин бул жерге кантип алынып келгенин өз көзүм менен көрдүм",- деген ал.
ИИМ бул боюнча расмий маалымат бере элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















