super.kg logo

Караколдогу ипотекалык үйдүн сапаты боюнча Курулуш министрлиги жооп берди (видео)

 

Интернет желесине Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компанияга тиешелүү көп кабаттуу турак жайлардагы курулуштун сапатсыз болуп жаткандыгы боюнча видео коомчулукка тарап, кызуу талкууга түштү.

Бүгүн, 11-февралда Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирүү таратып, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгы тарабынан текшерүү жүргөнүн билдирди.

Маалым болгондой, курулуш нормаларына жооп бербеген газоблоктор толук демонтаждалды. Объект курулуш ченемдери жана техникалык талаптарга ылайык калыбына келтирилди.

"Аталган факт боюнча подряддык уюмга мыйзам чегинде тиешелүү көрсөтмөлөр берилди. Учурда курулуш иштери бекитилген долбоордук-сметалык документацияга ылайык жүргүзүлүүдө. Министрлик курулуш тармагындагы сапат жана коопсуздук талаптарынын так сакталышын өзгөчө көзөмөлгө алат. Аныкталган ар бир мыйзам бузуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт",- деп белгиленген маалыматта.

Курулуш министрлиги жарандарды курулуш объекттеринде мыйзам бузууларды же кемчиликтерди байкаган учурда, фото жана видео материалдар аркылуу 0 (221) 328-256 ишенимдүү номуруна жиберсе боло тургандыгын кошумчалады.






Караколдогу ипотекалык үйдүн сапаты боюнча Курулуш министрлиги жооп берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: