Илимдер академиясы мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү сунуштагандарга жооп берди
Улуттук илимдер академиясы мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү сунуштаган 75 кишинин кайрылуусуна жооп берди.
Мекеме жаңы шайлоо өткөрүү зарылдыгы жөнүндөгү тезис саясий жактан жоопкерчиликсиз, юридикалык жактан негизсиз болуп саналарын белгиледи. Ал эми 2021-жылы референдумда кабыл алынган Конституция мурда алынган мөөнөттү жокко чыгарбайт.
"Садыр Жапаров ошол учурда колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык, 6 жылдык мөөнөткө шайланган. Бийликтин жападан жалгыз булагы болгон элдин бул эрк билдирүүсүнүн легитимдүүлүгү шек туудурбайт. Кезектеги шайлоо ыйгарым укуктардын мөөнөтү аяктаган жылдын январынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөрү ченемдик түрдө бекитилген",- деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле учурда Жапаровдун саясий эркинин жана мамлекеттик аппараттын натыйжалуу ишмердигинин аркасында өлкөдө конституциялык тартип калыбына келтирилгени аткаруу бийлигинин вертикалын чыңдоо аркылуу коомдук коопсуздук, уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы реалдуу күрөш камсыз кылынганы кошумчаланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















