super.kg logo

Айыл чарба министри асыл тукум малдарды гана багууну сунуштады (видео)

 

Бүгүн, 11-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев жарандарга асыл тукум малдарды багууну сунуштады.

Анын айтымында, мал чарабасын өнүктүрүү багытында жарандарга 3 пайыздык чен менен насыялар берилүүдө.

"Биз сандан сапатка өтүп жатабыз. Азыр эки долбоорду ишке киргиздик. Малдын сапатын жакшыруу үчүн мал уругун бекер берип жатабыз. Алардын бири эт, бири сүт багытында жана дагы бири эт-сүт багытында. Азыр биз байкап жатабыз, кээ бир малдардын сүтү жок же эти жок.

Элге сандан сапатка өтүү үчүн "Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү" деген 3 пайыздык насыя даярдадык. Эми эл базардан жөн эле малдарды албай, асыл тукум малдарды алса болот. Эки уйдун ордуна бир уй алгыла. Жайытка болгон ашыкча жүктү ушундай кадамдар менен азайтып жатабыз",- деди министр.






Айыл чарба министри асыл тукум малдарды гана багууну сунуштады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: