super.kg logo
  Саясат  

"Өтө катуу кетпегиле". Нурлан Мотуев президентти Ташиевге кызмат берүүгө чакырды

 

Саясатчы, блогер Нурлан Мотуев президент Садыр Жапаров менен УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди душмандашпоого чакырып, президентке сунуш берди.

Ал алгач маркум Камчы Көлбаев менен болгон чатагын эске салып, кримтөбөл өлтүрүлгөндө Ташиевге ыраазычылыгын билдиргенин, Ташиев ага кайра ишкерлер аркылуу акча бергенин айтты. Мотуев ошондой эле өзү да алдамчылар менен күрөшүп келе жатканын белгилеп, алар менен соттошкон убактарын эске салып, ошол учурларда Жапаров менен Ташиевге кайрылганын билдирди.

Анын айтымында, бирок жардам беришкен эмес. Ошондон улам Мотуев аларды таза иштейт экен деген жыйынтыкка келген.

"Булар өздөрү айткандай, бирөөнө да чалышпайт. "Туугандарыбызды да куткарбайбыз" дешкен",- деди ал.

Мотуев мындан тышкары 2020-жылдагы саясий кырдаалдарга токтолду.

"Жапаров түрмөдө отурганда Ташиев эле жүрдү. Садыр Жапаровдун ата-энеси каза болгондо ыйлап жүргөн деле Ташиев болду. Түрмөдөн болсо, "чыгарып алабыз" деп барганда, биринчи чыгарбай коюшуптур. Анан Ташиев миңдеген кишилерди чогултуп барып, чыгарып кеткен. Бул эмгегин унутпаңыз, Садыр Нуркожоевич.

Өтө душмандашпагыла, эгер чындап эле ошого бара жатсаңар. Өтө катуу кетпегиле. Менин Садыр Жапаровго берер кеңешим, Ташиевди паламент аркылуу премьер-министр кылып койсо болот",- деди ал.






Нурлан Мотуевдин президентке Ташиевге кызмат берүүнү кеңеш кылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: