super.kg logo
  Саясат  

Депутат Самаков Ташиевдин кызматтан алынышы боюнча комментарий берди

 

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков Камчыбек Ташиевдин УКМКнын төрагалык кызматынан алынышына комментарий берди.

Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, себептери эл өкүлдөрүнө маалым эместигин айтты.

"Президенттин конституциялык укугу. Мыйзам алкагында болгон иш. Себептери бизге маалым эмес. Ал ачык айтылбайт болушу керек",- деди Самаков.

Депутат ошондой эле парламенттин төрагасын кызматтан кетирүү боюнча айтылган божомолдорду саясий кырдаалга жараша айтыла турган кеп экенин белгиледи.

"Мындай болот, тигиндей болот экен" деп айтыла берет. Бирок Жогорку Кеңештин ичинде "Нурланбек Тургунбек уулу кетет экен" деген сөз уга элекмин. Ал киши Түркияда иш сапары менен жүрөт. Келгенде бул сөздөр кайдан чыкканына түшүндүрмө берет болушу керек",- деп кошумчалады эл өкүлү.






Депутат Самаков Ташиевдин кызматтан алынышы боюнча комментарий берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: