super.kg logo
  Саясат  

Эдил Байсалов Жапаров менен Ташиевдин ортосундагы ажырымдын себебин ачыктады

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагалык кызматынан алынган Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымга президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгеси себеп болгонун билдирди.

Ал Жапаров менен Ташиев бийликте турган 5 жыл аралыгында өлкөдөгү бардык маанилүү чечимдерди кеңешип кабыл алып келишкенин белгилеп, Ташиев ар дайым Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын айтып келгенине токтолду. Байсалов бирок акыркы убакта генералдын атын жамынган саясий эски жүздөрдүн тымызын аракетинен улам өлкөдө каршылашкан, опурталдуу абал түзүлгөнүн билдирди.

"Алар көп жылдар бою туруктуулукту камсыз кылып келген тең салмактуулукту бузуп башташты. Натыйжада түшүнүксүз жагдайлар пайда болду. Коомдо кош бийлик, мөөнөтүнөн мурда шайлоо зарылдыгы жана азыркы бийлик мыйзамсыз отурганы тууралуу пикир жарала баштады. Дал ушул чагымчылдар жана алардын амбициялары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымды пайда кылып, бул коомду жана мамлекетти бөлүп-жаруу коркунучун туудурду.

Бул мамлекет үчүн кабыл алынгыс. Бийлик так, конституциялык жактан аныкталган жана бирдиктүү жоопкерчилик борборунда топтолушу керек. Президент Садыр Жапаровдун эң жогорку милдети - мамлекеттин биримдигин камсыз кылуу, туруктуулукту сактоо, Конституциянын үстөмдүгүн кепилдөө жана бийликти кандай гана формада болбосун басып алууга жол бербөө.

Биз мамлекеттик олуттуу чечимдер жеке достук мамилелерди же эмоционалдык чечмелөөлөрдү талкуулоого чейин кыскарган өткөн каталарды кайталабашыбыз керек. Президент Кыргызстан элине жана Конституцияга гана кызмат кылышы керек. Эч кандай жеке байланыштар, мурунку жетишкендиктер жана эч кандай расмий эмес келишимдер анын антынан жогору тура албайт.

Жетилген саясий коом катары биз эң маанилүү мамлекеттик маселелерди талкуулоону эки адамдын жеке мамилелерине чейин кыскартууга жол бербешибиз керек",- деп жазды ал Facebook баракчасында.

Байсалов ошондой эле акыркы жылдары мамлекеттик башкарууда тең салмактуулук жоголуп, УКМКнын айрым кызматкерлери өлкөдө тартип орнотуу шылтоосу менен ыйгарым укуктарынан аша чаап, коомчулукта коркуу сезимин жаратып койгонун кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: