Эдил Байсалов УКМКнын күчтөнүшү эмнеге алып келгенин айтты
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкө башчы Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагалык кызматынан алынган Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымга президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгеси себеп болгонун билдирди.
Ал Facebook баракчасына пост жазып, генералдын атын жамынган эски жүздөр өлкөдө тең салмактуулукту бузуп башташканын белгиледи.
Байсалов ошондой эле акыркы жылдары мамлекеттик башкарууда тең салмактуулук дагы жоголуп, УКМКнын айрым кызматкерлери өлкөдө тартип орнотуу шылтоосу менен ыйгарым укуктарынан аша чаап, коомчулукта коркуу сезимин жаратып коюшканын кошумчалады.
"Бул маселе жарандык коомдун, бизнес субъекттеринин жана жаштарыбыздын сынына кабылды. Биз тарыхыбызда мыйзамдуулук жана укуктук нормаларды так сактоо саясий максатка ылайыктуулук менен алмаштырылган мезгилдерди башыбыздан өткөрдүк. Укуктун үстөмдүгү принциби бузулганда, мамлекеттин пайдубалы бузулат.
Кыргызстан мыйзам үстөмдүгү менен башкарылуучу мамлекет жана ар бир жарандын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын катуу коргоого жана камсыз кылууга милдеттүү. Айрым органдарга өздөрүнүн тиешелүү алкагынан тышкары ыйгарым укуктарды берүү тең салмактуулуктун жоголушуна алып келбеши керек. Биз ар бир мамлекеттик орган өзүнүн так аныкталган функцияларынын чегинде так иштеген, жетилген, укуктук мамлекетке карай жылышыбыз керек",- деп жазды Байсалов.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















