Оштун мэри белекке берилген унааны мэриянын балансына өткөрдү (видео)
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев белекке берилген унааны мэриянын балансына өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда шаар мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, калаа башчысына Жалал-Абад элинен Toyota Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаа белекке берилди.
"Кызмат - элге таандык, демек, белек да шаар элинин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылышы керек. Унаа мындан ары шаардык кызматтардын ишин натыйжалуу уюштурууга пайдаланылат",- деп билдирген мэр.
Оштун мэри белекке берилген унааны, мэриянын балансына өткөрдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















