Байсалов жаралган саясий кырдаалга өкүнүп турганын билдирди
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкөдө жаралган саясий кырдаалга өкүнүп жатканын билдирди.
"Саясий тарыхыбыздагы белгилүү бир мезгилдин ушундайча аяктаганына өкүнөм, бул деген баарыбыз үчүн күтүүсүз. Бирок ошол эле учурда бул түшүнүксүз мезгил аякташы керек деп эсептейм. Генерал Ташиевди тынчтыкка жана туруктуулукка чакырганы жана ар кандай мыйзамсыз аракеттерден алыс болууга үндөгөнү үчүн макташыбыз керек",- деп жазды ал Facebook баракчасында.
Байсалов ошондой эле президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагалык кызматынан алынган Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымга президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгеси себеп болгонун билдирди. Ал акыркы жылдары мамлекеттик башкарууда тең салмактуулук жоголуп, УКМКнын айрым кызматкерлери өлкөдө тартип орнотуу шылтоосу менен ыйгарым укуктарынан аша чаап, коомчулукта коркуу сезимин жаратып коюшканын кошумчалады.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















