super.kg logo
  Саясат  

Президенттик шайлоо качан өткөрүлөт?

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президенттик шайлоо келерки жылдын январь айында, тагыраагы, белгиленген мөөнөттө өтө турганын билдирди.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстан чоң кыйынчылыктарга туш болууда. Биз ири эл аралык иш-чараларды өткөрүп, көз карандысыздыгыбыздын 35 жылдыгын татыктуу түрдө белгилешибиз керек. Бул иш-чаралардын тынч, туруктуу жана ишенимдүү шартта өтүшүн камсыз кылышыбыз зарыл.

Сиздерди ишендирип кетейин, ар бир үй-бүлө жана ар бир жаран жашоо деңгээлинин жана жашоо сапатынын олуттуу жакшырышын байкайт. Элдик өкмөт мамлекет башчысы койгон бул милдетти аткаруу үчүн күн сайын талыкпай иштеп жатат. Бүгүн биз эл шайлаган президент Садыр Жапаровдун айланасына биригип, туруктуулукту чыңдоого салым кошуп, Кыргызстандын келечеги үчүн башталган ишти улантышыбыз керек",- деп жазды ал Facebook баракчасында.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: