Депутат Улукбек Карыбек уулу Ташиевдин кызматтан бошотулушу тууралуу эмне дейт? (видео)
Бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Эл өкүлү бул маселе президенттин ыйгарым укугуна кирерин белгилеп, депутаттар кадрдык чечимдерге таасир эте албасын айтты.
"Эң башкысы - мамлекттин тынчтыгы болушу керек. Элдин коопсуздугу, мамлекеттин туруктуулугу керек. Башмыйзамда белгиленген, президенттин ыйгарым укугундагы маселеге, кадр маселесине кандай кийлигише алабыз. Убакыт көрсөтөт",- деди депутат.
Ошондой эле журналисттер Ташиевдин өлкөдөн тышкары жүргөн учурда кызматтан алынышы боюнча суроо узатышкан. Бул тууралуу Карыбек уулу мыйзамды карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, ал парламент төрагасынын алмашуусу боюнча маселе көтөрүлбөгөнүн айтты.
Депутат Улукбек Карыпбек уулу Ташиевдин кетиши, парламенттин спикери тууралуу эмне дейт?
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















