Асылбек Жээнбеков депутаттарга: “Ар бириңер өзүңөр үчүн гана добуш бергиле. Болбосо айып салып, айлыгыңардан кармайбыз”

Жогорку Кеңештин 22-январдагы жыйынында
төрага Асылбек Жээнбеков депутаттарды өзү үчүн гана добуш берүүгө чакырды.
Башка кесиптеши үчүн добуш берген депутатка айып салына турганын айтты.
“Жакында эле депутаттар өздөрүнөн сырткары башкаларга да добуш берип,
азыркыга чейин ким экени белгисиз. Жыйында жок депутаттардын компьютерин
өчүргүлө. Ар ким өзү үчүн гана добуш берсин. Болбосо айып салынып, айлыктарынан
кармайбыз”,- деди төрага.
Автор: Автандил Добулбеков
Эскерте кетсек, 15-январда оор кылмыштарга күнөөлүүлөрдү жоопко тартуудагы чектөөнү алып сала турган мыйзам Жогорку Кеңеште колдоо таппай калган. Эртеси айрым депутаттар ордуна башка депутаттар "каршы" деп добуш берип койгонун айтып чыгышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

