super.kg logo

Күйүп кеткен карылар үйүнө мамлекеттен 2 миллион сом берилди 

 

Бүгүн, 11-февралда Бишкек шаарынын мэриясында өрттөн жабыркаган "Үмүт үйү" карылар үйүнүн директоруна 2 миллион 20 миң 311 сом өлчөмүндө камсыздандыруу сертификаты тапшырылды.

Мэриянын маалыматка ылайык, сертификатты шаар мэри Айбек Жунушалиев жана "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков тапшырышты.

Мэр бул окуя мүлктү өз убагында камсыздандыруунун маанилүүлүгүн айкын көрсөтөрүн белгилеп, борбор калаанын коопсуздугун камсыз кылуу жана туруктуу өнүгүүсү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөрүн баса белгиледи.

Эскерте кетсек, 2026-жылдын 6-январында мекеменин өзүнчө жайгашкан имаратындагы паллиативдик бөлүмдүн палатасында өрт чыгып, анын кесепетинен эки адам каза болгон. "Үмүт үйү" социалдык стационардык мекемеси 2023-жылдын апрелинен тартып Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүгүү департаментинин карамагындагы мекеме болуп саналып, улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: