super.kg logo
  Саясат  

Жүрөгүндө 5 стент... Оштун мэри Камчыбек Ташиевдин ден соолугу тууралуу маалымат берди (видео)

 

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланышканын айтып, анын ден соолугу тууралуу маалымат берди.

Мэрдин айтымында, Ташиевдин ден соолугу жакшы, бирок жүрөгүндөгү беш стенттин бири жылып кеткен.

"Ден соолугу жакшы экен. "10-15 күнгө Германияга барып, стентти ордуна койдуруп келейин деп президенттен сурангам" деди. Бир аз таарынычын айтты го. "Өздүк курам менен коштошо албай калдым. Эң өкүнүчтүүсү ошол болду" деп. Эми эки достун өздөрүнүн мамилеси да. Мен ойлойм, өздүк курам менен сүйлөштүрсө керек. Эми ал жагын өздөрү билишет. Бизге караңгы. Бизге Ош шаарын оңдо дедиңер, иштеп жатабыз",- деди мэр.

Журналисттер Токторбаевден кызмат орду боюнча ар кандай кырдаалга даярдыгын сурашты. Калаа башчысы президенттин чечимине баш ийерин жана жумуштан четтетилсе кетүүгө даяр экенин билдирди.






Оштун мэри Камчыбек Ташиевдин ден соолугу тууралуу маалымат берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: