Анжелика Кайратова: "Кирешемдин 99 пайызы чет өлкөдөн келет" (видео)
SUPER.KG порталынын "Супер-Инфо” жана мен" долбоорунда ырчы, бизнесвумен Анжелика Кайратова өткөн күндөргө саресеп салды. Маектин жүрүшүндө ал экинчи ирет турмуш курганын, бирок 1 жылдан бери чогуу жашабай калганын жашырган жок. "Чындыкты айтуу актуалдуу" деген коногубуз бийик максаттары менен бөлүшүп, 4 ай катуу депрессияда жүргөнүн айтып, бир кездеги кыйынчылыктарын эстеп, баарын күлүп жеңгенин кошумчалады.
"Мурун өлкөдөн чыксам эле сагынып, куса боло берчүмүн. Акыркы учурда ааламдын адамы болуп бара жатам. Америкада, Дубайда, Түркияда жашап келдим. Эл аралык деңгээлдеги адамдар менен мамиле түзүп, элим, өлкөм тууралуу маалымат берип, инвесторлорду тартуудамын. Былтыр дүйнөлүк ишкер, бизнесмен Маргулан Сейсенбайды өлкөбүздө тосуп алдык. Эми жакында Индия океанындагы жети аралга бара жатам. Бул менин 20 жылдан берки кыялым болчу",- деди ырчы айым.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















