Дуров Орусияда Телеграмдын тыюу салынышы боюнча комментарий берди
Телеграм мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Орусияда Телеграмга тыюу салуу боюнча билдирүүлөргө комментарий берди. Бул тууралуу Дуров өзүнүн Телеграм каналына жазган.
"Орусия жарандарын Tелеграмга кирүүгө чектөө коюу менен мамлекет көзөмөлдөгөн саясий цензуранын колдонмосуна өтүүгө мажбурлап жатат. Жарандардын эркиндигин чектөө – эч качан туура чечим эмес. Tелеграм кысымга карабастан сөз эркиндигин жана өз колдонуучуларынын купуялуулугун коргойт", - деп билдирүү калтырган ал.
Ошондой эле Дуров 2018-жылы Ирандын соту өлкөдө Телеграмды колдонууга тыюу салганын, бирок ал ийгиликке жетпегенин эске салды. Анын айтымында, учурда Ирандын жарандары мессенжерди колдонууну улантып жатышат.
Эксперттердин айтымында, Орусия бийлиги жарандарына жаңы мессенжер сунушташы мүмкүн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















