Кудрет Тайчабаровдун камактагы мөөнөтү узартылды
Кудрет Тайчабаровдун камактагы мөөнөтү 2-мартка чейин узартылды. Бул маалыматты бүгүн, 11-февралда Бишкектин Биричи Май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады.
Райондук сот мындай чечимди 4-февралда кабыл алган. Анын камактагы мөөнөтүн узартуу өтүнүнчүн ИИМдин тергөөчүсү берген. Буга чейин райондук сот өткөн жылдын декабрында анын камактагы мөөнөтүн 8-февралга чейин узарткан.
Айта кетсек, Тайчабаров уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар болгон деп кармалган. Тайчабаров кармалганга чейин Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн БШКга арыз жазган. Кийинчерээк социалдык тармактарда анын маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен чогуу түшкөн сүрөтү тараган. Мындан улам БШК Тайчабаровду талапкер катары каттоодон баш тарткан.
Тайчабаров БШКнын чечимине макул эместигин билдирип, бийликти сынга алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:14
2025-12-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















