Баткенде ири суммадагы алдамчылыкка шектүү кармалды
Баткенде алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу 11-февралда облустун милициясынан билдиришти.Берилген маалыматка ылайык, Баткен шаарынын К.Б. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызында 35 жаштагы Д.К. аттуу жаран анын ишенимине кирип, Хундай Грандеур үлгүсүндөгү унаасын 21 миң долларга алдап алып кеткенин билдирген. Ошондой эле шектүү 2024-жылдын 8-октябрында Киа К-5 үлгүсүндөгү унаасы үчүн 500 миң сомду банк аркылуу алдап алган.
Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Д.К. аттуу жаран кармалды.
Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча айып тагылып, баш коргоо чарасы камак түрү тандалып алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















