super.kg logo

Бороон болууда... Ашууларда учурдагы абал айтылды

 
Бүгүн, 11-февраль саат 17:00гө карата өлкөдөгү негизги ашууларда бороон болуп, жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Мындай маалыматты Транспорт министрлиги таратты.
Билдирүүгө караганда, буга чейин Бишкек - Ош жолунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Каттам бар.
Төө-Ашууда жол тазалоо, кум-туз себүү иштери жүргүзүлүп жатат. Жети дубандагы жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды толук көзөмөлдөп, атайын кезметке туруу менен жаралган кырдаалга ыкчам аракет көрүп жатышат.
Министрлик айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат. Ошондой эле, зарылчылык болбосо узак жолго чыкпай турууну эскертет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: