Борбордогу кафелердин биринде олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды
Бишкектеги «Кульджа ХОГО» кафе тармагында олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу 11-февралда Мамлекеттик салык кызматы билдирет.
Маалым болгондой, менчик ээсине таандык үч мекемеде көмүскө эсеп жүргүзүү үчүн каттоодон өтпөгөн программалар колдонулган. Бул сатылуулардын бир бөлүгү расмий фискалдык системада чагылдырылбаганын билдирет.
Ошондой эле, төлөмдөр компаниянын атына эмес, жеке жактарга катталган QR-коддор аркылуу кабыл алынгандыгы аныкталган. Мындан тышкары кассалардан фискалдык чектер менен ырасталбаган накталай акча каражаттары табылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ФПКга кошулган учурдан тартып эсепке алынбаган кирешенин суммасы болжол менен 12 миллион сомду түзгөн. Төлөнбөгөн салыктардын божомолдуу суммасы 648 миң сом.
Эске салсак, кош эсеп жүргүзүү жана кирешелерди жашыруу мыйзам бузуу болуп саналат.
Мыйзам бузуу белгилери аныкталган учурда мындай аракеттер үчүн айып пулдан тартып, жазык жоопкерчилигине чейин жоопкерчилик чаралары каралган.
Борбордогу кафелердин биринде түшкөн кирешени жашыруу фактысы аныкталды
0

Супер-Инфо
super.kg видео















