super.kg logo
  Саясат  

Жээнбек Кулубаев Rhenus SE компаниясынын өкүлү менен жолукту

 

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 10-февралда Берлин шаарында Rhenus SE компаниясынын башкармалыгынын ыйгарым укуктуу өкүлү Генрих Керстгенс менен жолукту. Бул туурасында министрликтен билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын темир жол транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерине, ошондой эле заманбап логистикалык жана контейнердик борборлорду түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ал эми Rhenus Logistics компаниясынын инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга катышуу жана Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү өзүнчө каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча практикалык консультацияларды улантууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Маалымат үчүн: Rhenus SE — Германиянын Хольцвиккеде шаарында башкы кеңсеси жайгашкан эл аралык логистикалык топ болуп саналат жана дүйнөдөгү алдыңкы транспорттук-логистикалык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн катарына кирет. Компания мультимодалдык ташуулар, кампалык логистика жана жеткирүү чынжырларын башкаруу жаатында комплекстүү чечимдерди сунуштап, дүйнөнүн 70тен ашык өлкөсүндө иш жүргүзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: