Токаев республикалык референдум өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 15-мартта Конституциялык реформа боюнча жалпы элдик референдум өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Тиешелүү документ президенттин расмий сайтына жарыяланды.
Маалым болгондой, республикалык референдумга өлкөнүн жаңы Конституциясынын долбоору боюнча суроо коюлат.
"Референдумда "Сиз 2026-жылдын 12-февралында жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган Казакстан Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоорун кабыл аласызбы?" деген суроо коюлат.
Республикалык референдумду даярдоону жана өткөрүүнү Борбордук шайлоо комиссиясына, ошондой эле аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына жүктөлсүн", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Токаев Казакстан супер президенттик башкаруу формасынан баш тартканын жарыялаганы кабарланган. Басылмалар жазгандай, реформалардын жүрүшүндө негизги мыйзамдын 40тан ашык беренесине өзгөртүү киргизүү пландаштырылууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















