Лукашенко АКШдагы Тынчтык кеңешинин жыйынына бара албайт
Беларусиянын президенти Александр Лукашенко АКШда өтө турган Тынчтык кеңешинин лидерлеринин алгачкы жыйынына чакыруу алган, бирок иш-чарага катыша албайт. Бул тууралуу 11-февралда президенттин басма сөз катчысы Наталья Эйсмонтко шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Эйсмонттун айтымында, чакыруу кеч келгендиктен, мамлекет башчысынын иш графиги алдын ала бекитилип калган. Мындан тышкары логистикалык кыйынчылыктар, анын ичинде Европа Биримдигинин аба мейкиндигинин жабык болушу да тоскоолдук жараткан.
Эйсмонт Минск АКШ президенти Дональд Трамптын жана Тынчтык кеңешинин жаңжалдарды тынч жол менен жөнгө салуу багытындагы аракетин толугу менен колдой турганын белгиледи.
Беларустун атынан жыйынга тышкы иштер министри Максим Рыженков катышат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















