Казакстан коңшу өлкөлөргө Starlink аркылуу интернет берүүнү пландап жатат
Казакстан коңшу мамлекеттерди интернет менен камсыздоону Starlink спутниктик инфраструктурасы аркылуу ишке ашырууну көздөөдө. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министри Жаслан Мадиев билдиргенин казак басылмалары жазышты.
Анын айтымында, быйыл Казакстандын аймагында курулган Starlink гейтвей-станциялары аркылуу интернет-трафикти Тажикстанга берүү пландалууда. Кийинки этапта Монголия жана Кыргызстан да камтылат. Сигнал өлкө аймагынан тышкары таратылып, Казакстандын санариптик байланыш тармагындагы аймактык лидерлигин бекемдөөгө шарт түзөт.
Өлкө ичинде да санариптештирүү иштери уланууда. Быйыл 1,9 миң айылга оптикалык була (оптоволокно) тартылат. Келерки жылга карата интернет камтуусу 90 пайыздан ашары күтүлүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















