super.kg logo

Бишкекте туруктуу туризм жана гендердик аспекттер боюнча тренинг өттү

 

Бишкек шаарында "Климаттын өзгөрүшү шартында туризмди туруктуу өнүктүрүүдө гендердик аспекттерди эске алуу" аттуу тренинг болуп өттү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, иш-чарага мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, анын ичинде Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин кызматкерлери катышты.

Тренингдин негизги максаты - мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин туризм тармагын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу, ошондой эле туруктуу туризмди өнүктүрүүдө гендердик аспекттерди интеграциялоо боюнча билим деңгээлин жогорулатуу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасынын улуттук климаттык саясатынын негизги багыттарын, климаттын өзгөрүшү менен гендердик теңчиликтин өз ара байланышын, ошондой эле калктын ар кандай социалдык топторунун климаттык өзгөрүүлөргө болгон аярлуулугун талкуулашты.

Эксперттер Айжаркын Кожобекова жана Бермет Убайдиллаева интерактивдүү сессияларды уюштуруп, практикалык тапшырмаларды жана тестирлөө жүргүзүштү.

Департаменттин бул тренингге катышуусу кызматкерлердин кесиптик потенциалын чыңдоого жана Бишкек шаарында туризм тармагын өнүктүрүүдө заманбап, инклюзивдүү жана туруктуу ыкмаларды ишке ашырууга өбөлгө түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: